Кимден: Демократия азыр!
Дүйнөдөгү эң узакка созулган кагылышуулардын бири 50 жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан согуштан соң токтоп калгандай. Бугун Колумбиянын мамлекеттик ишмерлери жана FARC козголоңчулар Гаванада (Куба) чогулуп, дээрлик төрт жылга созулган тарыхый ок атышууну токтотууну жарыялоодо. Кабарларга караганда, жаңы келишимде ок атышуу, курал-жарактарды тапшыруу жана куралын тапшырган козголоңчулардын коопсуздугун камсыздоо шарттары камтылган. Колумбиядагы жаңжал 1964-жылы башталып, 220,000 миңдей адамдын өмүрүн алган. 5 миллиондон ашык адам жер которгон деп эсептелүүдө. Бүгүн кечирээк президент Хуан Мануэль Сантос жана FARC Тимоченко деген ат менен белгилүү болгон командир Тимолеон Хименес Гаванада өткөн аземде ок атышууну токтотуунун шарттарын расмий түрдө жарыялайт. Биз Колумбиянын Тынчтык боюнча мурдагы Жогорку комиссары Даниел Гарсиа-Пенья жана жазуучу Марио Мурильо менен сүйлөшөбүз.